Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болот
Бишкектин Учкун кичирайонунда жылуулук берүү убактылуу токтотулду
24.10.2024 | 15:54
Бишкектин Учкун кичирайонунда жылуулук берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жылуулукка кошуу учурунда аталган райондогу түтүктөрдө бузуулар аныкталгандыктан, жылуулук берүү убактылуу токтотулган.
Учурда жеринде бригада иштеп, бузулган жерди аныктоо иштери жүрүп жатат. Жылуулук 25-октябрда болжол менен саат 16:00го чейин берилип калары айтылды.
Жылуулук өчүрүлгөн даректер:
– Учкун кичи району, № 11, 14, 15, 16, 18, 19, 20, 21, 22, 23, 24 үйлөр (А жана Б блоктору);
– Уч-Тулга көчөсү 15; Казан Булак көчөсү 10.
Ошол эле учурда аталган даректеги үйлөргө жылуу суу берүү токтотулбайт.
“Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом