Жапаров Кыргызстандагы кышкы спортту өнүктүрүүдө Ютанын тажрыйбасын колдонууга кызыкдарБишкектин бир бөлүгүндө 22-сентябрда ичүүчү суу өчүрүлөтБоливияда 100 жыл ичинде алгач ирет жапайы мышыктын жаңы түрү ачылдыКыргызстандын коммерциялык банктарынын активдери 1,2 трлн сомго жеттиСадыр Жапаров АКШнын Юта штатынын жетекчилиги менен жолугуп, кызматташтыкты талкууладыЭксперт: Бишкек ШКУ өлкөлөрү үчүн бейтарап каржы аянтчасына айланууга кудуреттүү
Бишкектин Учкун кичирайонунда жылуулук берүү убактылуу токтотулду
24.10.2024 | 15:54
Бишкектин Учкун кичирайонунда жылуулук берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жылуулукка кошуу учурунда аталган райондогу түтүктөрдө бузуулар аныкталгандыктан, жылуулук берүү убактылуу токтотулган.
Учурда жеринде бригада иштеп, бузулган жерди аныктоо иштери жүрүп жатат. Жылуулук 25-октябрда болжол менен саат 16:00го чейин берилип калары айтылды.
Жылуулук өчүрүлгөн даректер:
– Учкун кичи району, № 11, 14, 15, 16, 18, 19, 20, 21, 22, 23, 24 үйлөр (А жана Б блоктору);
– Уч-Тулга көчөсү 15; Казан Булак көчөсү 10.
Ошол эле учурда аталган даректеги үйлөргө жылуу суу берүү токтотулбайт.
“Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом