Жергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады
Бишкектин вице-мэри Орунтаев жаңы кызматка дайындалды
09.11.2023 | 17:34
Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев кызматтан кетип, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Эскерте кетсек, буга чейин Архиектура агенттигин Мырзабек Жыпаркулов жетектеп келген. Ал бул кызматка 2023-жылы 26-январда дайындалган.
Ал эми Нурдан Орунтаев вице-мэр кызматында 2022-жылдын август айынан бери иштеп келе жаткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом