Бишкектин үч калктуу конушунда суу берүү жети саатка токтойт

02.03.2025 | 18:11

Бишкек шаарынын 3 конушунда 4-мартта саат 9:00дөн 15:00гө чейин таза суу берүү токтотулат.

Мэриядан билдиришкендей, өчүрүү аймагы төмөнкү даректерди камтыйт.

– «Энесай» турак жай комплекси;

– «Дордой-1» турак жай комплекси;

– «Дордой-2» турак жай комплекси.

Өчүрүү “Энесай” суу топтомосунда жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу.

“Бишкексууканал” келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top