Кыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланатИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленетКыргызстанда шаурманын баасы кантип жана эмне үчүн айырмаланат?Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштады
“Бишкекжарык” ишканасында мыйзам бузуулар катталды
27.10.2022 | 23:13
“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасын текшерүүдө 139 млн 589,7 миң сомго мыйзам бузуулар аныкталган. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ошол эле учурда каза болгон адамдардын айлык акысын сактоо менен 95,6 миллион сом негизсиз алынган.
Мамлекеттик сатып алуулар тармагында 6 млн 432,9 миң сомдук мыйзам бузуулар, анын ичинен 1,1 млн сому жасалма түзүлгөн келишимдерден келтирилген зыяндар;
- Адистештирилген жабдууларды ижарага берүү үчүн 27,9 млн сомду негизсиз эсептен чыгаруу;
- 5,6 млн сом өлчөмүндө ишканага жеткирүүчүлөрдөн жашырылган дебитордук карыздар;
- Кассалык операцияларды жүргүзүү бөлүмү, эсептик каражаттардын жана негизги каражаттардын жетишсиздиги боюнча 3,9 млн мыйзам бузуу болгон.
“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасынын айрым кызматкерлеринин аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн ички аудиттин жыйынтыгы боюнча материалдар укук коргоо органдарына берилди.
Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар