Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Боксчу Дмитрий Бивол Токмок шаарынын ардактуу атуулу болду
16.08.2022 | 14:39
Бокс боюнча WBA версиясы боюнча жеңил салмактагы дүйнө чемпиону Дмитрий Биволго “Токмок шаарынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты Чолпон Сыдыкова билдирди.
Маалым болгондой, мындай чечимди шаардык кеңеш 15-августтагы кезектеги сессиясында кабыл алды.
Белгилей кетсек, Бивол Токмокто төрөлүп, кийин Орусияга көчүп кеткен. Ал Орусиянын курама командасында ойноп, команда менен бирге буга чейин Кыргызстандын бокс боюнча курамасынын мурдагы башкы машыктыруучусу Адылкан Бекболотовдун чакыруусу менен Кыргызстанга машыгууга келген.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт