«Учитель» чокусунан кулап кеткен орусиялык туристтин сөөгү табылды

«Учитель» чокусунан кулап кеткен орусиялык туристтин сөөгү табылды

Ала-Арча капчыгайынын жогору жагында «Учитель» чокусунан түшүп келе жатып кулап каза болгон россиялык туристтин сөөгү тоодон түшүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 14-августта «Учитель» чокусунан Россия Федерациясынын 2 жараны түшүп келе жатып, 1986-жылы туулган Е.А. аттуу эркек киши кулап, каза болгон.

Жерине ӨКМдин Эдельвейс куткаруучулар тобунан 6 куткаруучу тартылып, жогоруда аталган жарандын сөөгүн тоодон алып түшүшүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Ал эми экинчиси 1991-жылы туулган Н.К. жабыр тарткан эмес.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чоку

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>