Бомба боюнча билдирүү. №33 мектептин окуучулары кармалды

Бомба боюнча билдирүү. №33 мектептин окуучулары кармалды

Бишкек шаарындагы №33 мектептин 9-классынын окуучулары кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

14-15 курактагы өспүрүмдөр бейбаштыкка шектелүүдө.

УКМКнын маалыматында, окуучулар окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максатында фейк аккаунттарды колдонуп, мектептин электрондук дарегине бомба тууралуу жалган билдирүүлөрдү жөнөтүшкөн.

“Алар ата-энелеринин көзүнчө жасаган кылмыштарын моюнга алышкан. Учурда бул өспүрүмдөрдүн Бишкектеги жардыруулар боюнча анонимдүү башка маалыматтарга катыштыгы текшерилүүдө”, — дейт УКМК.

УКМК мындай кылмыш  үчүн 1-3 жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартуу же 50 миң — 100 миң өлчөмүндө айыппул, 5 жылга жылга эркинен ажыратуу жазасы каралганын эскертет.

Белгилей кетсек, акыркы жумада эле №33 мектептин окуу процесси 2 жолу токтотулуп, мугалимдер жана окуучулар эвакуацияланды.

Бүгүн №67 мектепте жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат түшкөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>