Бонецкий лабораториясы Монополияга каршы кызматына жооп берди

Бонецкий лабораториясы Монополияга каршы кызматына жооп берди

Бонецкий лабораториясы («Интелмед» ЖЧКсы) ЖМКлардагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы компаниядан өлкө бюджетине 423 млн сом өндүрүү жөнүндө чечим чыгарганы тууралуу маалымат боюнча үн катты.

«Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын биздин компаниядан «мыйзамсыз имиш» деп болжолдоп жаткан кирешени республикалык бюджетке өндүрүп алуу жөнүндө токтому Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерин текшерүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө Жарлыгын одоно бузууда. Атап айтканда, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы биздин компанияга мыйзамсыз текшерүү жүргүзүп, өз эсептөөлөрүндө биздин өндүрүштүк ишмердүүлүгүбүз тууралуу маалыматтарды атайылап бурмалаган.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан биздин компаниянын КР «Атаандаштык жөнүндө» мыйзамын бузган деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт жана биз алардын үстүнөн сотко даттанабыз. Андан тышкары, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жалпыга маалымдоо каражаттарына өзүнүн токтомун берүү менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 57-беренесин бузду. Конституцияда кайсы бир тараптын күнөөсү Мыйзамда каралган тартипте далилдениши жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен белгилениши керек деп жазылган», — деп билдирет компания.

Компания билдиргендей, 2020-жылы пандемия башталганда, Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, ага байланыштуу Covid-19 ПЦР-тесттери эл үчүн абадай керек болгонун эстен чыгарбоо керек. Ошол убакта биздин мамлекет жеке бизнеске кайрылып, Covid-19 ПЦР-тесттерин изилдеген кошумча лабораториялык кызматты тез арада уюштурууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган.

«Өлкөнүн жетекчилигинин өтүнүчүнө биздин компания биринчилерден болуп реакция жасап, ошол учурдагы кыйынчылыктарга жана дүйнөдөгү көтөрүлгөн бааларга карабастан, өлкөгө жабдууларды, реагенттерди, беткаптарды жана башка керектүү материалдарды алып келген. Ошентип, жеке компаниялардын аракети менен өлкөдөгү социалдык көйгөйдү жеңилдетүү мүмкүн болгон.

ПЦР-тест кызматына калктын суроо-талабынын кескин өсүшү пандемияга жана өлкөдөн сыртка чыккан жарандарга мындай тесттин милдеттүү түрдө талап кылынгандыгына байланыштуу болгон. Бирок ал жагдайдын, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өзүнүн чечиминде “монополиялык жогорку бааларды койгон” деп далилдөөгө аракет кылгандай, биздин компанияга эч кандай тиешеси жок.  

2021-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан мамлекеттик лабораториялар үчүн баалардын прейскуранты бекитилип, ал Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен макулдашылган. Бир ПЦР-тесттин баасы 1574 сом деп белгиленген. Ошол эле учурда, ПЦР-тестин жүргүзүүгө аккредитация алган бардык жеке лабораториялардагы баалар министрлик бекиткен баалар менен дээрлик бирдей болгон. Бирок эмнегедир Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын биздин компаниянын гана ишмердүүлүгүнө кызыкканы, бул аталган уюмдун бир жактуулугун айгинелейт», — деп айтылат маалыматта.

Бонецкий лабораториясы алардын компаниясы мыйзамды сыйлаган ири салык төлөөчү ишкана болуп саналарын белгилейт.

«Биздин компания мыйзамды сыйлаган ири салык төлөөчү ишкана болуп саналат. Атап айтканда, биз мамлекеттин бюджетине тиешелүү бардык салыктарды жана социалдык чегерүүлөрдү төлөп келебиз: 2020-жылы – 86 850 246 сом, 2021-жылы – 251 019 706 сом, 2022-жылы — 190 478 804 сом, 2023-жылы — 117 006 627 сом.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы мындай популисттик маалымат таратуу менен биздин компаниянын ишмердүүлүгүнө карата коомчулукта алдын ала терс пикир жаратууга жана Бонецкий Лабораториясынын өзүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сот органдарына кайрылуу укугунан ажыратууга аракет кылууда деп эсептейбиз», — деп билдирет компания.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>