Бообек Салимжанов президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды.
Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.
“Конституциянын 71-беренесине ылайык Салимжанов Бообек Эркинбекович президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды”, — деп айтылат маалыматта.
Бообек Салимжанов буга чейин Кыргызстандын Екатеринбургдагы консулу кызматын аркалап келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз