Блогер Улукбек Карыбек уулуна иш козголду. Зулушевдин комментарийи

Блогер Улукбек Карыбек уулуна иш козголду. Зулушевдин комментарийи

Бүгүн, 31-январда Бишкекте башкы прокурор Курманкул Зулушевдин маалымат жыйыны өтүп, анда ал блогер Улукбек Карыбек уулуна карата ачылган ишти жеке көзөмөлүнө алууга даяр экенин билдирди.

Маалымат жыйында Улукбек Карыбек уулу башкы прокурорго суроо узатып, маек алуу, айрым мыйзам бузуу фактылары боюнча маалымат берүү үчүн кабыл алуусун өтүнгөн.

Башкы прокурор суроого жооп бергенден кийин, блогерге ачылган иш тууралуу сөз кылып, аны жеке көзөмөлүнө алууга даяр экенин белгиледи.

«Эгер сизге козголгон кылмыш иш боюнча нааразычылык болсо, төртүнчү күндөрү келиңиз, кабыл алып, жеке көзөмөлүмө алып, карап берем. Эгерде сиздин аракетиңиздерде кылмыштын белгилери болсо, жалпы жарандар катары жоопко тартыласыз. Эгер жок болсо (кылмыштын белгисиси – ред.), мыйзамсыз болсо, анда биз кыскартабыз», — деди Зулушев.

Эскерте кетсек, 11-январда блогер Ысык-Ата райондук милициясына суракка чакырылган. Белгилүү болгондой, анын суракка чакырылышына Ысык-Ата районундагы Тажикстандан келген кайрылмандардын жагдайлары боюнча берүү чыгаргандан кийин, ал боюнча блогердин үстүнөн милицияга арыз түшкөнү себеп болгон.

Чүй облустук милициясынан Reporter.kg’ге билдиришкендей, Улукбек Карыбек уулуна Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренеси (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) боюнча иш козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Блогер Улукбек Карыбек уулу сурактан чыкты — видео

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>