Прокуратура Баткендеги 1,3 млрд сомдук тендерди текшерет

Прокуратура Баткендеги 1,3 млрд сомдук тендерди текшерет

Бүгүн, 31-янврада башкы прокурор Курманкул Зулушев «Спутник» маалымат агенттигинин журналисттеринин «Кан төгүлгөн Баткендеги көмүскө кызыкчылыктар. Артында Туманбаев турабы?» аттуу иликтөөсү боюнча териштирүү жүргүзүлөрүн билдирди.

Маалымат жыйында ага Тажикстандын кол салуусунан кийин талкаланган үйлөрдү кайра курууга жарыяланган тендерди утуп алган 20 жаштагы студентке байланыштуу суроо узатылды.

«Биз бул боюнча текшере элекпиз. Маалымат жаңы чыкты. Тапшырма беребиз. Баткен облусу боюнча прокуратура тиешелүү кагаздардын баарын карап чыгат», — деди Зулушев.

Эскерте кетсек, аталган иликтөө 30-январда чыгып, анда Баткенде талкаланган үйлөрдү куруудагы көмүскө кызыкчылыктар тууралуу сөз болот. Иликтөөдө айтылгандай, «Аманат курулуш инвест» компаниясын жетектеген 20 жаштагы студент 420 үйдү куруу үчүн 1,3 миллиард сомдук тендерди утуп алган. Ал томолой жетим болгондуктан окуу жайында контракт төлөөдөн бошотулган. Бир айдан кийин компаниясын Давид Камбаров аттуу жаранга саткан. Ал президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин айылдашы экени белгилүү болгон.

Учурда Баткендеги үйлөр толугу менен курулуп бүтө элек.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>