Кыргызстанда жаңы дамбалар курулат: 12 миң үй селден корголотБашкы прокурор калыстар сотун киргизүүгө каршы экенин билдирдиБелгилүү сүрөтчү Алмагүл Болокова дүйнө салдыАкыркы эки жылда 5 млрд сомдон ашык суммадагы социалдык объекттер мамлекетке кайтарылдыНарында окуучу өз жанын кыйган. Укук коргоочу бул боюнча иш козголбой жатканын билдирдиКыргызстандын Каржы министрлиги жана Дүйнөлүк банк «Камбар-Ата-1 ГЭС» долбоорун ишке ашыруу боюнча кадамдарды белгилешти
Боомдо Sprinter тосмону сүзүп, айдоочу каза болду – видео
23.12.2022 | 13:17
Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 131-чакырымында (Боом капчыгайы) жол кырсыгы болуп, бир адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын копсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсык 22-декабрда болжол менен саат 07:30да болгон. Mercedes-Benz Sprinter унаасынын айдоочусу (чыгыштан батышты көздөй) катуу ылдамдыкта келе жатып, унааны башкара албай, жол тилкелерин бөлүп турган тосмону сүзгөн.
Жол кырсыктын кесепетинен 48 жаштагы В.С. аттуу айдоочу каза болгон. Ошондой эле 51 жаштагы В.М. аттуу жүргүнчү Кемин райондук ооруканасына жеткирилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз