Бишкек: Мектептердеги карантин узартылды

Бишкек: Мектептердеги карантин узартылды

Бишкек шаарында жайгашкан жалпы билим берүү уюмдарында онлайн режиминде окутуу 28-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Мындай чечим 2022-жылдын 22-декабрында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетекчилигинде өткөн жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары жана Бишкек шаарынын вице-мэри Бишкек шаарында сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооругандардын саны өсүп жаткандыгын маалымдагандыктан улам кабыл алынды.

Ошол эле учурда, башка аймактарда онлайн окутууну узартуу тууралуу чечимди жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрү тарабынан кабыл алынат.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандагы мектептер 16-декабрдан тарта 24-декабрга чейин онлайн окууга өткөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>