Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Борбордо Роза Айтматованын китебинин бет ачаары болду
11.04.2022 | 13:24
Борбор калаадагы соода жана оюн-зоок борборлорунун биринде Роза Айтматованын “Кат келди” аттуу китебинин бет ачары өттү.
Китеп Ильгиз Төрөкулович Айтматовдун өмүр таржымалына, анын кыйын жаш кезине арналган.
Бет ачарга «Сый Урмат» коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары С.Чокуев баштаган ИИБнын Коргоо жана эскорт департаментинин аскер кызматкерлеринен турган делегация катышты.
Сатынды Сарыгулович ДОКтун жалпы жамаатынын жана Сый-Урматтын ардагерлеринин атынан сөз сүйлөп, ошондой эле Роза Айтматовага «Айтматовдун чыгармачылыгы Ч.Т.» аттуу картинасын белекке берди.
Роза Төрөкуловна белекти чоң шыктануу менен кабыл алып, бул сүрөт Чыңгыз Айтматовдун үй-музейинен өз ордун табаарын убада кылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом