Казакстандык дайынсыз жоголгон жоокер аскага асынып каза болду. Милициядан маалымат

Казакстандык дайынсыз жоголгон жоокер аскага асынып каза болду. Милициядан маалымат

Кыргызстандын тоолорунан Казакстандан чакырылган жоокердин сөөгү табылганынын чоо-жайын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 10-апрелинде саат 17:40тар чамасында Панфилов РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө тоодон мамлекеттик чек арага жакын жерде 20-25 жаштардагы адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Алынган маалымат боюнча дароо тергөө-ыкчам бөлүмү жөнөтүлгөн. Милиция кызматкерлери келгенде мамлекеттик чек арага жакын жерде өзүнүн куру менен аскага асылып турган адамдын сөөгү табылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Андан ары ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан жансыз дененин өздүгү такталып, ал коңшу өлкөнүн жараны 2003-жылы туулган Б.У.

Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>