Мас айдоочуларды калкалаган милициялар табылды

Мас айдоочуларды калкалаган милициялар табылды

Башкы прокуратура тарабынан Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо органдарында укук бузуулар жөнүндө мыйзамдардын талаптагыдай аткарылышы, ошондой эле «Укук бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасына маалыматтарды толук киргизүү жана алардын аныктыгы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдирди.

Мисалы, айдоочу Т.М. «Ауди-100» маркасындагы автоунаада мас абалында жол кырсыгына кабылган. Бирок, Чүй облусунун Ысык-Ата райондук ЖКККБнүн кызматкерлери жол кырсыгынан 4 ай өткөндөн кийин жол эрежесин бузуу фактысы боюнча расмий түрдө протокол түзүшкөн, ал эми мас абалында жасалган мыйзам бузуу материалы жашырылып, «Укук бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасына киргизилбеген.

Ушундай эле жашыруу фактысы «Хонда Фит» унаасынын айдоочусу Н.К. карата жасалышы аныкталган.

Жогорудагы фактылар боюнча прокуратура тарабынан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо органдарынын кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иштери козголуп, алардын иликтөөсү Чүй облусунун прокуратура органдарынын тергөө бөлүмдөрүнө тапшырылды.

Ошол эле учурда, Ысык-Ата райондук Жалпы дарыгерлер практика борборунун медициналык кызматкерлери тарабынан медициналык кароолордун каттоо журналында баштапкы жазууну өзгөртүү жолу менен адамдын алкоголдук мас абалындагы медициналык кароонун жыйынтыгын алмаштыруу жана жашыруу фактысы аныкталган.

Жогорудагы көрсөтүлгөн жана башка мыйзам бузуу фактылары боюнча Башкы прокуратура тарабынан тиешелүү мамлекеттик органдарга мыйзам бузууларды, аларды жасоого түрткү болгон себептерди жана шарттарды четтетүү боюнча прокурордук чара көрүү актылары киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>