Садыр Жапаров жабыркаган аскер кызматкеринин ишин жеке көзөмөлүнө алдыБаткенде алимент төлөөдөн качкан жаран 2 жылга эркинен ажыратылдыБарскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдүБаткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү сурандыКыргызстанда жарандарды каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү сунушталдыБишкекте ат минип эс алуу: 5 метр алыстык жана кенеге каршы спрей
Борбордо жол эрежесин бузган чет элдик 318 унаа кармалды
16.03.2021 | 17:05
Бишкек шаарында бир жумада жол эрежесин бузган 318 чет өлкөлүк унаа аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Милициянын кайгуул кызматкерлери каттоо мөөнөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү 318 автоунааны аныктады.
Алардын ичинен 66 унаа Орусиянынын, 6 Армениянын, 9 Азербайжандын, 222 транзиттик номурлар менен жана 15 башка чет өлкөлүк номурлуу унаалар кармалган.
Аныкталган унаалардын баарына протоколдор толтурулуп, анын ичинен 10 унаа убактылуу айып короосуна киргизилген.