Боронов: Акыркы күндөрү Ысык-Көлгө эс алууга баргандардын саны 10 миңге көбөйдү

Боронов: Акыркы күндөрү Ысык-Көлгө эс алууга баргандардын саны 10 миңге көбөйдү

Ысык-Көл облусуна жайкы эс алуу үчүн баргандардын саны кескин көбөйдү. Бул тууралуу премьер-министр  Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Боронов, акыркы 20 күндүн ичинде Ысык-Көлгө эс алганы баргандардын саны 10 миңге жеткенин айтты.

«Июль айында эс алуучулардын саны 3 миңден 10 миңге өстү. Аймактарда эпидемиологиялык абал оор, биз аны дагы күчөтүп албашыбыз керек. Мисалы, Ысык-Көлдүн аймагында жүрүп ооруп калып жатышат. Айрымдары Балыкчы шаарында текшерүүдөн өткөндө таза чыкканы менен вирустун инкубациялык мөөнөтү ошол жакта болуп, ооруп калып жатышат. Абалды дыкат көзөмөлгө алуу зарыл», — дейт Боронов.

Өкмөт башчы Жалал-Абад облусунда, Ош шаары, Ысык-Көл облусундагы эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон сакталууда экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 33 миң 844тү түздү, анын 2 миң 282си Ысык-Көл облусунан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>