Ботаникалык бак куурап калдыбы? Расмий тарап түшүндүрмө берди
Бишкектеги Гареев атындагы Ботаникалык бактын 2024-жылдагы жана 2025-жылдагы видеолорун салыштырган виде тарап, анда социалдык тармактын колдонуучулары бактын абалына тынчсыздануусун билдиришүүдө. Кадрларда мурда жапжашыл, көркүнө чыккан бак быйыл дарактары азайып, чөптөрү куурап, саргайып калганын көрүүгө болот. Бул көрүнүш коомчулукта кызуу талкуу жаратып, нааразы пикирлерди жаратты.
Бул боюнча Бишкек шаарынын мэриясы түшүндүрмө берип, Ботаникалык бак муниципалитетке эмес, Илимдер академиясынын карамагында экенин маалымдады.
Ал эми бактын директору Мелис Чакибаев билдиргендей, видеолордун бири былтыр жазында тартылган. Учурда болсо күн ысык болуп, айрым жерлерде реконструкция иштери жүрүп жаткандыктан, чөптөр куурап кеткен.
“Картайып, куурап калган дарактарды алып жатабыз. Илимий тажрыйбалар жүргүзүлүп жаткан аймактагы бактар жашыл бойдон турат жана өз убагында сугарылууда”, — деди Чакибаев.