Эрте никеге туруу туруктуу көйгөй бойдон калууда — акыйкатчыБишкекте Kaspi эсептерин ачуу үчүн кыргызстандыктарды азгырган схема аныкталдыОш шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн тышын актап-сырдоо иштери жүрүүдөБишкектин Кара-Жыгач конушунда №91 мектептин жаңы окуу корпусу салынуудаЧүйдөгү интернатта өспүрүмдүн сабалганы милициядан жашырылганКыргызстандын футбол боюнча курама командасы канча турат жана эң кымбат оюнчу ким?
Бишкектеги Ала-Тоо аянтына Манастын жаңыланган айкели орнотулду
28.07.2025 | 11:24
Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтына Манастын жаңыланган айкели орнотулду.
Скульптура жаңы жасалган постаментке орнотулуп, анын айланасында техникалык иштер жүрүп жатканы байкалат.
Долбоордун техникалык өзгөчөлүктөрү:
- Постаменттин бийиктиги — 22,7 метр
- Постаменттин төмөнкү бөлүгүнүн туурасы — 6,2 метр, жогорку бөлүгү — 2,5 метр
- Манас баатырдын айкелинин бийиктиги — 10,3 метр
Мамлекеттик органдардын маалыматына ылайык, айкелдин жаңыланган формасы улуттук символиканы, баатырдык духту жана заманбап архитектураны айкалыштырат. Айкелдин авторлору — кыргыз жана чет элдик скульпторлордон турган чыгармачыл топ.
Жаңы композиция коомчулукта кызуу талкуу жаратып, айрымдар аны заманбап чечим катары кабыл алышса, башкалар мурунку классикалык вариантты колдоорун билдиришүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар