БШК №16 округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти. Кимдер депутат болду

06.12.2025 | 11:00

Борбордук шайлоо комиссиясы 5-декабрда №16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө токтом кабыл алды. Ага ылайык, аталган округда шайлоо өттү деп таанылып, жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынтыгында төмөнкүлөр № 16 шайлоо округу боюнча шайланган депутаттар деп таанылды:

  1. Дастанбек Жумабеков Артисбекович – 12 миң 928 добуш (22,97%);
  2. Медер Чотонов Өскөнбекович – 10 миң 164 добуш (18,06%);
  3. Медина Кайрылбекова Кайрылбековна – 8 миң 951 добуш (15,90 %).

№16 шайлоо округу боюнча 82 шайлоо участогу түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмесине 133 миң 744 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 57 миң 31 шайлоочу катышкан, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 42,6% түздү.

Эске салсак, буга чейин Боршайком №13 шайлоо округу боюнча шайлоону жараксыз деп тааныган. Бул чечимге аталган округдагы шайлоо участокторундагы мыйзам бузуулар, атап айтканда, талапкерлердин өкүлдөрү тарабынан мыйзамсыз камераларды орнотуу фактысы себеп болгон.

Кыргызстанда 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Шайлоого 1 миллион 584 миң 400 жаран катышты.

Scroll to Top