Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер Момбеков боюнча соттун чечимине макул эмес. Бул туурасында маалымат аталган мекеменин расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка караганда, Боршайком Бишкектин административдик сотунун Социал-демократтар партиясынан талапкер Рыскелди Момбеков боюнча чечимине каршы шайлоодон кийин даттанат.
24-ноябрь күнү БШК Момбековду диплому жасалма деген негиз менен саясий жарыштан четтеткен. Ал эми Момбеков Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылып, сот бүгүн БШКнын чечимин жокко чыгарган.