Бийлик шайлоону өткөрүүгө даярбы?

Бийлик шайлоону өткөрүүгө даярбы?

Президент Садыр Жапаров борбор калаадагы шайлоо участкаларынын биринин мисалында парламенттик шайлоого даярдыктын жүрүшү менен таанышты. Бул туурасында өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Президентке шайлоого даярдыктын жүрүшү, анын ичинде шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо жана добуштарды автоматтык эсептөөчү жабдуулардын даярдыгы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, бардык шайлоо участокторунда добуш берүү процессинде эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чаралар көрүлгөн. Ар бир шайлоо тилкесинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайланган саясий партиялар жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган талапкерлер тууралуу маалыматтар кеңири берилип жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>