Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Сот Рыскелди Момбековго шайлоого катышууга укук берди
27.11.2021 | 12:25
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбеков боюнча сот БШК чечимин жокко чыгарды. Бул туурасында Момбековдун тарапташтары билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаардык административдик сотунун судьясы Азиз Эшалиев Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин толугу менен жокко чыгарды. Момбековду кайрадан шайлоо тизмесине кошту.
Рыскелди Момбеков Социал-демократтар партиясы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары шайлоого катышып жаткан. БШК 24-ноябрда талапкердин диплому жасалма деген негиз менен шайлоодон четтеткен болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат