БШК парламенттик шайлоону токтотуу тууралуу соттун чечимине каршы даттанат

26.10.2020 | 11:15

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик кайра шайлоо өткөрүү тууралуу чечимди жокко чыгарган соттун токтомуна каршы даттанат. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, БШК 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккандан кийин кайра шайлоо өткөрүүнү 20-декабрга белгилеген.

22-октябрда Жогорку Кеңеш жыйынга чогулуп, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алышкан.

Бишкектин  Биринчи май райондук соту 24-декабрда БШКнын кайра шайлоо өткөрүү боюнча токтомун жокко чыгарган.

Белгилей кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октбрда митингге чыгып, нааразылыкка уланган окуялар, башаламандык, саясий кризис жана бийликтин алмашуусу менен аяктады.

Scroll to Top