БШК парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын бекитти. Жогорку Кеңешке 87 депутат шайланды

10.12.2025 | 17:03

Борбордук шайлоо комиссиясы 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктарын бекитүү тууралуу токтом кабыл алды.

Ага ылайык, БШК 29 көп мандаттуу округдан 87 талапкердин Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланганын билдирди. Ал эми буга чейин комиссия №13 шайлоо округу боюнча шайлоону жараксыз деп тааныган.

30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо шайлоочулардын тизмесине 4 млн 294 миң 243 жаран киргизилип, анын ичинен 1 млн 584 миң 446 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 36,90 % түзөт.

Өткөн парламенттик шайлоодогу негизги өзгөчөлүк – аралыктан добуш берүү болду, анда өзүнүн аймагынан сырткары жүргөн жарандар каалаган шайлоо участокторунда добуш бере алышты.

Шайлоонун жыйынтыгында төмөнкүлөр Жогорку Кеңештин депутаты болушту.

  1. Абылдабек Эгембердиев,
  2. Адилет Белеков,
  3. Азамат Исираилов,
  4. Азамжан Жалилов,
  5. Азизбек Турсунбаев,
  6. Айгүл Ахмедова,
  7. Айсаракан Абдибаева,
  8. Акылбек Түмөнбаев,
  9. Алишер Козуев,
  10. Алтынбек Кудабердиев,
  11. Алтынбек Кылычбаев,
  12. Бактыяр Калпаев,
  13. Бакыт Тентишев,
  14. Бакыт Чомоев,
  15. Бахридин Шабазов,
  16. Бекмурза Эргешов,
  17. Бекмырза Чолпонбай уулу,
  18. Болот Ибрагимов,
  19. Болот Сагынаев,
  20. Болотбек Борбиев,
  21. Бурун Аманова,
  22. Венера Салямова,
  23. Гүлай Машрапова,
  24. Гүлжан Сатиева,
  25. Гүлкан Молдобекова,
  26. Гүлнара Баатырова,
  27. Гүлсүнкан Жунушалиева,
  28. Гүлшаркан Култаева,
  29. Гульнара Акимбаева,
  30. Гуля Кожокулова,
  31. Данияр Төлөнов,
  32. Дастан Бекешев,
  33. Дастанбек Жумабеков,
  34. Жамиля Исаева,
  35. Жанар Акаев,
  36. Жаныбек Абиров,
  37. Жаныбек Аматов,
  38. Жумабек Салымбеков,
  39. Жылдыз Курманалиева,
  40. Жылдыз Садырбаева,
  41. Жылдыз Таалайбек кызы,
  42. Жылдыз Эгенбердиева,
  43. Илимбек Кубанычбеков,
  44. Исманали Жороев,
  45. Камила Талиева,
  46. Карим Ханжеза,
  47. Кубанычбек Самаков,
  48. Куванычбек Конгантиев,
  49. Кундузбек Сулейманов,
  50. Курманкул Зулушев,
  51. Марлен Маматалиев,
  52. Махабат Мавлянова,
  53. Медербек Алиев,
  54. Медербек Саккараев,
  55. Медербек Чотонов,
  56. Медина Кайрылбекова,
  57. Нилуфар Алимжанова,
  58. Нурбек Сыдыгалиев,
  59. Нуржамал Төрөбекова,
  60. Нурланбек Азыгалиев,
  61. Нурланбек Тургунбек уулу,
  62. Равшанбек Рысбаев,
  63. Рахат Жунушбаева,
  64. Салтанат Аманова,
  65. Сеидбек Атамбаев,
  66. Советбек Рустамбек уулу,
  67. Сүйүнбек Өмурзаков,
  68. Табылды Муратбеков,
  69. Талайбек Масабиров,
  70. Темирлан Айтиев,
  71. Токтобүбү Ашимбаева,
  72. Улан Бакасов,
  73. Улан Примов,
  74. Уланбек Жаанбаев,
  75. Улукбек Карыбек уулу,
  76. Улукбек Узакбаев,
  77. Умбеталы Кыдыралиев,
  78. Чолпон Эсенаманова,
  79. Чыңгыз Ажибаев,
  80. Шаирбек Ташиев,
  81. Ырысбек Атаханов,
  82. Эдита Тайгараева,
  83. Элвира Сурабалдиева,
  84. Элдар Сулейманов,
  85. Эркеайым Сейтказиева,
  86. Эркинбек Исеналиев,
  87. Эрулан Көкүлов.
Scroll to Top