Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
БШК Талант Мамытовдун иши боюнча Жогорку сотко кайрылды
01.11.2021 | 15:38
Борбордук шайлоо комиссиясы Талант Мамытовдун иши боюнча Жогорку сотко кайрылды. Бул туурасында аталган мекеменин расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка караганда, 28-октябрда Бишкек шаарынын административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарган. Бул чечимге БШК макул эмес. Анткени, шайлоо мыйзамдарында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов муниципалдык жана мамлекеттик кызматта иштейт. Шайлоого баруу үчүн кызматын тапшырып бериши керек болчу.
БШК Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду “Ынтымак” саясий партиясынын курамы менен шайлоого катыштырбоо чечимин кабыл алган. Мамытов Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылып, ал сот шайлоого катышууга укук берген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат