БШК Ысык-Көл облусуна жарандарды массалык ташуу боюнча маалыматты текшерет

БШК Ысык-Көл облусуна жарандарды массалык ташуу боюнча маалыматты текшерет

Ысык-Көл облусунда жарандарды массалык ташуу жөнүндө маалымат алдык. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, бул маалыматты БШК текшерет, толук маалымат саат 12: 00гө жакын берилет.

«Ошондой эле, Бишкекте эки жерде автоматташтырылган башкаруу тутумдары иштебей, тийиштүү адистер иш алып барышкандыгы жөнүндө бизге маалымат келип түштү», — деди ал.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Шайлоочулардын акыркы тизмесине ылайык, 3 миллион 563 миң 574 адам добуш бере алат.

Ыкчам жооп кайтаруу боюнча координациялык топтун маалыматы боюнча, 10-январга карата мыйзам бузуу боюнча 61 билдирүү жана маалымат (арыз) келип түшкөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>