БШК Жапаровдун Караколдогу үгүт ишиндеги театрлаштырылган шоуга эскертүү берген жок

БШК Жапаровдун Караколдогу үгүт ишиндеги театрлаштырылган шоуга эскертүү берген жок

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттикке талапкер Садыр Жапаровго Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эл менен жолугушуусундагы театрлаштырылган шоуга байланыштуу эскертүү берген жок. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

БШК үгүт иштери боюнча жумушчу топтун талапкерге эскертүү берүү тууралуу сунушун 5-январда карады.

Жыйында сунушту Боршайкомдун беш мүчөсү колдоп, калганы каршы болгондуктан ал өткөн жок.

Көпчүлүк мүчөлөр Караколдогу жолугушуунун уюштуруучусун Тартип бузуу кодексине ылайык жоопко тартуу маселесин карап көрүүнү БШКнын тиешелүү өкүлүнө сунуш кылыш керек деген чечимге келишти.

Өткөн аптада Садыр Жапаровдун Караколдо эл менен жолугушуусунда аны жети акенин образындагы кишилер бата берип, шоу менен тосуп алышкан. Үгүт мыйзамдарына ылайык, талапкердин жолугушууларында театрлаштырылган ар кандай шоуларга тыюу салынат.

Эскерте кетсек, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт, ага 17 талапкер ат салышууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>