БШК Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулаймановду мандатынан ажыратты

17.02.2026 | 14:24

Бүгүн, 17-февралда, Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулаймановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Коммисиянын маалыматында, Эльдар Сулаймановдун мандаты анын жеке арызынын негизинде алынды. Ал мандатын эмне себептен тапшырганы айтылган жок.

Ушул жылдын январь айында өзүн Сулаймановдун мурдагы аялымын деп тааныштырган келин соцтармактарга ал тарабынан көп жылдар бою зомбулук көрүп келгенин жазган. Андан кийин Сулайманов түшүндүрмө берип, бул маселе жеке мүнөздөгү үй-бүлөлүк пикир келишпестиктен келип чыкканын жана айтылган дооматтар бир тараптуу экенин билдирген. Ошондой эле ал алдын ала жыйынтык чыгарбоону өтүнгөн.

Бул окуя боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы расмий маалымат берип, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталганын жана Сулаймовдун мурдагы жубайына коргоо ордери берилгенин билдирген.

Scroll to Top