БШКнын төрайымы: Кыргызстанда референдум өттү деп эсептелет

БШКнын төрайымы: Кыргызстанда референдум өттү деп эсептелет

Кыргызстанда референдум өттү деп эсептелет. Бул тууралуу 11-апрелде брифинг учурунда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, маалымат 92% шайлоо тилкелеринен келип түшкөн.

Жалпысынан тизмеде 3 миллион 606 миң 225 катышуучу болгон.

Жалпысынан алынган маалыматтардын негизинде 1 миллион 294 миң 776 жаран же 35,9% добуш берүүгө катышкан.

Референдумга коюлган суроого 1 миллион 26 миң 917 шайлоочу же 79,31% «макул», 176 миң 701 адам же 13,65% «каршы» добуш берди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>