Тамактан курт чыккан: №44 мектептеги ашкананын ижарачысы менен келишим токтотулду
Балдар үчүн даярдалган тамактан курт табылганы тууралуу видео чыккандан кийин борбор калаадагы №44 орто мектептин ашканасынын ижарачысы менен келишим бир тараптуу негизде токтотулду. Бул тууралуу Reporter.kgге Ленин районунун Билим берүү борборунун жетекчиси Айзат Тургумбекова билдирди.
Эске салсак, 15-сентябрда редакцияга окурман балдар жеген тамактан курт чыкканы тартылган видео жиберген. Ата-энелердин айтымында, балдар тамактан бир нече ирет өлүк курттарды табышкандыктан, мектептин ашканасынан тамактануудан баш тартышкан.
Билим берүү борборунун жетекчиси бул видео жарыялангандан жана ата-энелерден арыздар түшкөндөн кийин мектепке атайын комиссия жөнөтүлгөнүн билдирди. Комиссия ашкананы эки күн текшеришкен. Тамактардан курттар табылган эмес, бирок башка мыйзам бузуулар аныкталган.
“Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча комиссия Санэпидкөзөмөлгө кат жөнөткөн, анын негизинде ашкананын ижарачысына 18 миң сом айып пул салынды. Мындан тышкары, Билим берүү борбору ижарачы менен келишимди бир тараптуу негизде токтотту. Эми алар №44 мектепте иштебейт”, — деп түшүндүрдү Тургумбекова.
Ошондой эле Ленин району боюнча Билим берүү борборунун жетекчиси жакынкы күндөрү бул ашканада башка ижарачылар иштей баштаарын кошумчалады.