«Кыялым орундалды»: Айсулуу Тыныбекова «Полчанки 2» тасмасындагы ролу тууралууБишкекте №37 жаңы автобус каттамы ишке кирдиЧет өлкөдө берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүк «Санарип документтер» бөлүмүндө пайда болотОш шаарында студенттер үчүн 720 орундуу жатакана курулатМаксим Фадеев «Номад» триосунун аткаруусундагы Кыргызстанга арналган ыр чыгарды — кененирээкКыргызстан менен Казакстан аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү планын бекитишти
Садыр Жапаров Кара-Сууда реконструкцияланган «Манас» стадионун ачты
18.09.2025 | 21:58

Президент Садыр Жапаров Ош облусунун Кара-Суу шаарында толугу менен реконструкцияланган «Манас» стадионунун ачылышына катышты.
Мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабардагандай, президент өз сөзүндө жаңы спорт ордосу жаштарды дүйнөлүк аренага чыгууга өбөлгө болоорун белгилеп, мындай спорттук объектилер өлкөнүн башка аймактарында да курулуп жатканын айтты.
Жаңыдан пайдаланууга берилген стадиондун сыйымдуулугу 5 миң адамга жетет. Ал заманбап талаптарга ылайык курулуп, оюн талаасына табигый чөп төшөлүп, трибуналар, медиа зона, медициналык жана техникалык бөлмөлөр жаңыланды. Реконструкцияга жалпы 274,5 миллион сом жумшалды.