БУУ: Дүйнөдө качкындардын саны дээрлик 80 миллионго жетти

БУУ: Дүйнөдө качкындардын саны дээрлик 80 миллионго жетти

Өткөн жылы дүйнөдө качкындар менен орун которууга аргасыз болгон адамдардын саны кескин көбөйүп, 79,5 миллионго жетти. Бул рекорддук көрсөткүч. Мындай маалыматты Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иштери боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди «Франс-пресс» басылмасына билдирди.

Анын айтымында, бир жылдын ичинде дүйнөдө качкындардын саны 9 миллионго көбөйдү. Алардын көбүн сириялыктар, оогандыктар, венесуэлалыктар, түштүк судандыктар жана бирмалык рохинжа мусулмандары түзөт.

БУУнун маалыматына караганда, 45,7 миллион киши өз өлкөсүнүн аймагында, 29,6 миллиону башка өлкөлөргө барып, качкын макамын алышкан. Дагы 4,2 киши качкын макамын берүү процедурасынын аякташын күтүп жатышат.

Маалыматка караганда, качкындардын жана орун которгон адамдардын дээрлик 80% жакыны азык-түлүк жетишсиздигине кабылышат. Алардын көбү куралдуу жаңжалдардан качкандыктан, психологиялык травма да алышат.

Бир нече күн мурда жарыяланган БУУ башкармалыгынын баяндамасына ылайык, 1990-жылдары орточо эсеп менен жылына 1,5 миллион качкын өз мекенине кайтып барса, акыркы 10 жылда бул көрсөткүч 390 миңге чейин төмөндөгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>