Бүгүн, 26-февралда Албаниянын Тирана шаарында күрөш боюнча Muhamet Malo рейтингдик мелдеши башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мелдештин биринчи күнүндө эркин күрөш боюнча таймаштар өтүп, балбандар 57, 61, 65, 70, 74 жана 86 кг салмакта күч сынашат. Бүгүн кыргызстандык балбандардан 10 спортчу килемге чыгат.
Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 15:30 да башталат.
Чүчүкулактын жыйынтыгы менен 57 жана 61 кг салмактарда кыргызстандык балбандар биринчи кармашында бири-бири менен күрөшө турган болуп калган.
57 кг, 1/8 финал:
Абдумалик Карачев – Алмаз Сманбеков (экөө тең Кыргызстан);
61 кг, 1/8 финал:
Бекзат Алмаз уулу – Бекболот Мырзаназар уулу (экөө тең Кыргызстан);
65 кг, 1/8 финал:
Тайырбек Жумашбек уулу – Шуан Чэн (Кытай);
65 кг, 1/16 финал:
Билал Шарип уулу – Дмитро Михнюк (Украина);
70 кг, 1/8 финал:
Өмүрбек Таалайбек уулу – Акакий Керемтелидзе (Грузия);
74 кг, 1/8 финал:
Орозобек Токтомамбетов – Куинси Мондей (АКШ);
86 кг, 1/8 финал:
Бекзат Рахимов – Себастян Езежанский (Польша);
86 кг, чейрек финал:
Мухаммед Абддулаев (азырынча атаандашы белгисиз).