27-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйтКыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалды
Милиция Ысык-Атада өспүрүм өз жанын кыйганын билдирди
26.02.2025 | 13:45
Чүйдүн Буденовка айылында мектеп окуучусу асынган абалда табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 24-февралда Ысык-Ата райондук милициясына Буденовка айылында саат 08:00дор чамасында 2008-жылы туулган бала үйүнүн короосунда асынып, өз жанын кыйганы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факт каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.
Тершерүү учурунда маркумдун денесинде эч кандай жаракаттар аныкталган эмес. Милиция баланын өз жанын кыйганга эмне себеп болгону такталып жатканын билдирди.
Ошондой эле укук коргоо органдары тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалганын, текшерүү уланып жатканын, анын жыйынтыгы менен мыйзамга ылайык чечим кабыл алынарын кабарлады.