Манас шаарынын аталышы кайра өзгөртүлбөйтКыргызстандын тигүү ишканалары төрт банк аркылуу жеңилдетилген насыяларды ала алышатЕБ башпаанек берүү эрежелерин катаалдатууда: мигранттар үчүнчү өлкөлөргө депортацияланат«Чакан ГЭС» жана кытайлык ишкана Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо боюнча келишимге кол коюштуКыргызстан БУУда гендердик квоталоо жана Фергана өрөөнүндөгү тынчтык боюнча баяндама жасадыБишкекте милиция кызматкери кармалган жаранды аёосуз сабоого айыпталууда
Быйыл 5 айда жол эрежесин бузгандар бюджетти 224,1 млн сомго толтурду
11.06.2024 | 09:34
Быйыл 5 айда жол эрежесин бузган айдоочулардан мамлекеттик бюджетке 224 млн 127 миң 865 сом өндүрүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Белгилүү болгондой, быйыл 5 айда өлкө аймагында 464 миң 976 жол эреже бузуу катталган. Анын ичинен:
- мас абалында унаа башкаруу – 6 миң 148;
- автоээнбаштык – 181;
- тийиштүү документтери жок унаа башкаргандар – 5 миң 200;
- жөө адамдардын катышуусундагы эреже бузуулар – 25 миң 425;
- унаанын айнектерин уруксатсыз караңгылаткандар – 1 миң 433;
- жол белгилерине баш ийбөө – 234 миң 749;
- ылдамдыкты ашырып айдоо – 79 миң 748;
- башка жол эреже бузуулары – 118 миң 92.
Ошондой эле 40 миң 745 унаа айып короосуна токтотулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом