«2040-жылга чейин: Кыргызстанда табиятты коргоонун негизги планы сунушталды»Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстанга келетКыргызстан АКШдан келген автоунааларды көбүрөөк алып жатат, бирок аларга азыраак каражат сарптоодоИшкердикке жеңилдик: уруксат документтери эки эсеге кыскартылатМосквада ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңеши чогулдуПатенттер үчүн салык системасы жөнөкөйлөштү: эмне өзгөрдү
Быйыл 6 айда Кыргызстанда 816,6 миң тонна сүт өндүрүлдү
03.08.2023 | 09:20
1-июлга карата Кыргызстанда 816 миң 668,4 тонна чийки сүт өндүрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитеттин материалдарында айтылат.
Өткөн жылдын ушул күнүнө карата өлкө боюнча сүт өндүрүүнүн көлөмү 800 миң 212,7 тоннаны түзгөн. Быйыл былтыркыга салыштырмалуу 16,4 миң тоннага көбүрөөк сүт өндүрүлгөн.
Быйыл 1-июлга карата аймактарда сүт өндүрүүнүн көлөмү төмөнкүдөй (тонна):
- Чүй облусу – 210 миң 252,4;
- Ош облусу – 173 миң 8,9;
- Жалал-Абад облусу – 165 миң 106,1;
- Ысык-Көл облусу – 128 миң 247,4;
- Нарын облусу – 58 миң 572;
- Баткен облусу – 44 миң 123,2;
- Талас облусу – 35 миң 264,4.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз