Москвада кыргызстандык таксистти жүргүнчү сабап салды — видео

Москвада кыргызстандык таксистти жүргүнчү сабап салды — видео

Москвада кыргызстандык таксистке жүргүнчү кол салды. Жүргүнчү айдоочунун унаада сыра ичпөөнү суранганына жана андан кийин сапардан баш тартканына ачууланган.

Игорь аттуу адам унаада жалгыз эмес, эки кыз менен болгон. Кыздардын суранганына карабай, ал таксистти сабап, андан соң унаадан чыгып кеткен. 

Окуя толугу менен камерага тартылып калган. Кийинчерээк ал социалдык тармактарга тараган.

Жабырлануучунун аты-жөнү Шамил Муратов. Орусиялык блогер Рустем Адагамовдун айтымында, Муратов Орусияда мыйзамдуу жүргөн Кыргызстандын жараны жана тиешелүү документтери бар.

«Ал ооруканада кашын тиктирип, кийин полицияга кайрылган, алар андан токмок жегени тууралуу арыз да алышкан эмес жана видеону да көргөн эмес», — деп жазат блогер.

Өз кезегинде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы окуя көзөмөлгө алынганын билдирди.

«Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү жана жергиликтүү милиция кызматкерлери тарабынан текшерүү иштери жүрүп жатат», — деп билдиришти министрликтен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>