Жогорку Кеңешке шайлоо. Мурдагы депутат талапкерлигин көрсөттү

Жогорку Кеңешке шайлоо. Мурдагы депутат талапкерлигин көрсөттү

Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңешке шайлоого катышууну каалагандардын саны 16ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, БШКга депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөн Ыргал Кадыралиева менен Ханзада Осмоналиевадан арыз түшкөн.

Ыргал Кадыралиева убактылуу иштебейт, мурда Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ал эми Ханзада Осмоналиева Коргоо министрлигинин аскер кызматкери болуп саналат.

Ленин району боюнча шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз менен кайрылгандар:

  1. Эртай Искаков
  2. Аскар Алмаз уулу
  3. Эркин Бөлөкбаев
  4. Роман Ремнев
  5. Турсунбай Бакир уулу
  6. Куттубек Асылбеков
  7. Назарбек Нышанов
  8. Сулайман Мамаев
  9. Токтогул Какчекеев
  10. Жаныбек Абиров
  11. Русланбек Тагаев
  12. Бакыт Шаршембиев
  13. Нургүл Сооронбаева
  14. Мурат Эсенаманов
  15. Ыргал Кадыралиева
  16. Ханзада Осмоналиева

Белгилей кетсек, 2-августта БШК Жаныбек Абировду депутаттыкка талапкер кылуудан баш тарткан.

Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт. Аны өткөрүүгө бюджеттен 13 млн 208,8 миң сом кетет.

Быйыл 28-майда Бишкектин Ленин райондук шайлоо аймагы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өткөн. Бул шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан кийин өткөрүлгөн. 27-мартта Абиров мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын кабыл алып, аны мандатынан ажыраткан.

28-майда өткөн шайлоодо Дамира Ниязалиева эң көп добуш алган. Бирок ал добуш сатып алууга шектелип, анын талапкер катары каттоосу жокко чыгарылган. Ошондой эле, аталган шайлоодо экинчи орунду алган талапкер Улан Сариев да добуш сатып алууга шектелип жатканы кабарланган. Добуш сатып алуу фактылары боюнча кылмыш иштери козголгон.

БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, Ленин районунда кайра шайлоо өтө турган болгон.

Жокко чыгарылган шайлоону өткөрүүгө бюджеттен 18,5 млн сом жумшалган.

БШК Жаныбек Абировду талапкер катары каттоодон баш тартты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>