Үстүбүздөгү жылдын алты айында өлкөнүн ИДПсы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,3%га, же 89,7 млрд сомго өстү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйынында Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала маалыматына таянып билдирди.
Анын айтымында, быйылкы жылдын ИДПсы 335,3 млрд сомду түздү. Салыштыра кетсек, былтыркы жылдын алты айында ИДП 276,8 миллиард сомду түзгөн.