АКШ Борбор Азияга ким менен кызматташуу керектигин таңуулабайт — РубиоБоом капчыгайында таш түшүрүлүп, жол маал-маалы менен жарым-жартылай жабылат«Аферист жана кайырчы»: Жапаров Аблязовдун айыптоолоруна кескин жооп кайтардыКорей депутаты Кыргызстанды Борбор Азия рыногуна чыгуудагы маанилүү өнөктөш катары атадыКыргызстанда соттолгондорго кайрадан ырайым берүүгө уруксат берүү каралууда — жаңы эрежелерБишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөт
Кышында көмүр көйгөйү болбошу керек, – Садыр Жапаров
14.07.2022 | 13:24
Бүгүн, 14-июлда Садыр Жапаров 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган Министрлер кабинетинин жыйынында энергетика министри Доскул Бекмурзаевге кайрылып, күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөтүүнү өтүндү.
“Азыр жайдын ортосуна келдик. Көмүрлөрдү эртерек даярдаңыз. Графиктерди дагы бир жолу карап чыгыңыз. Көмүр казуу боюнча силерге бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бердик. Техникаларды алып бердик. Көмүр көйгөйү болду дегенди укпашыбыз керек”, – деди президент.
Доскул Бекмурзаев 2021-жылдын июнь айында дайындалган. Кызматка киришип жатканда кыска аралыкта энергетика тармагын түп-тамырынан бери реформалай турганын билдирген эле.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом