Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Бишкекте эртең менен кыз ала качып кеткен жигиттер кармалды
14.07.2022 | 12:41
Бишкек шаарында кыз ала качууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Орктябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-июлда Ч.Г. аттуу кыз милицияга арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Анда ал белгисиз адамдар никеге туруу максатында ага күч колдонуу менен ала качып кетишкенин айткан. Анын айтымында, окуя 11-июлда саат 09:00 чамасында 8-кичи райондо болгон.
Аталган факт каттаоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Октябрь РИИБдин кызматкерлери шектүүлөрдү кармашкан. Алар – 1995-жылы туулган К.А., 1996-жылы туулган И.А., 1996-жылы туулган О.Ч., болгон.
Алар Бишкек шаарынын СИЗО-1 мекемесине эки айга камакка алынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом