Быйыл тогуз айда Кыргызстандын банктары көрсөткөн кызматы үчүн комиссия алуудан 13 млрд 612,7 млн сом киреше тапкан. Былтыркы жылдын тогуз айына караганда ал 2 млрд 980,7 млн сомго көбөйгөн. Бул тууралуу «Акчабар» жазды.
Маселен, Mbank’тын комиссиялык кирешеси 3,7 млрд сомго жетип, былтыркыга салыштырмалуу 1,8 млрд сомго көбөйгөн.
«Бакай Банк» комиссия кармап калгандан 1,7 млрд сом пайда көргөн, 2023-жылдын тогуз айына салыштырмалуу ал 272,5 млн сом сомго көп. «Элдик Банк» 1,4 млрд сом таап, кирешеси 464,7 млн сомго көбөйгөн.
«Оптима Банк» комиссиядан 1,6 млрд сом пайда көргөн. Кирешеси 100 млн сомго көп болгон.
«Айыл Банк» комиссиядан 929 млн сом таап, кирешеси 100 млн сомго өскөн. Ошодой эле «КСБ Коммерциялык Банкынын», «Бай Түшүмдүн» кирешеси да 100 млн сомго көбөйгөн.
Ошол эле учурда комиссиядан түшкөн кирешеси азайган банктар да бар. Мисалы «Демир Банк» быйыл тогуз айда 910,7 млн сом тапкан, бирок былтыркыга караганда кирешеси 150,2 млн сомго аз болгон.
Ошондой эле KICB 126,2 млн сомго, «Керемет Банк», «Финка Банк», «Дос-Кредобанк» жана «Азия Банкы» 13,4 млн сомдон 3,5 млн сомго чейин аз киреше тапкан.