Быйыл 9 айда Кыргызстандан чет жакка 1525,5 тонна сыр экспорттолду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Анын баасы 4 млн 417,1 миң долларды түзгөн.
1 кг сыр жасоо үчүн 13-20 литр сүт кетет.
«Кыргызстанда жасалган продукция өзүнүн экологиялык жактан таза болгондуктан, ага болгон суроо-талап жыл сайын өсүп келет», — деп айтылат маалыматта.