Быйыл чет өлкөлөрдө каза болгон 319 кыргызстандыктын сөөгү алынып келинген

Быйыл чет өлкөлөрдө каза болгон 319 кыргызстандыктын сөөгү алынып келинген

2019-жылы чет өлкөлөрдө каза болгон 319 кыргызстандык жарандын сөөгү өлкөгө алынып келинген. Бул тууралуу  Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөдө иштеп же окуп жүрүп каза болгондордун  басымдуу бөлүгү Орусиягадагы мекендештер .  Быйыл аталган өлкөдөн 231 кыргызстандык жарандын сөөгү мекенине жеткирилген.

Казакстандан 22, Өзбекстандан 15, Түркиядан 18, Индиядан 9 кыргызстандык жарандын денеси алынып келген.

Былтыр чет жерде каза болгон 278 мекендештердин сөөгү Кыргызстанга алынып келинген. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>