Быйыл кайсы азык-түлүктөрдүн баасы көтөрүлдү?

Быйыл кайсы азык-түлүктөрдүн баасы көтөрүлдү?

Пандемияга байланыштуу жыл башынан бери кумшекер жана өсүмдүк майларына болгон баа кескин жогорулады.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, быйыл тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 9,6 пайызга жогорулады.

Алсак, чеснок – 1,6 эсеге, кумшекер – 27,4 пайызга, тамак-аш өсүмдүк майлары – 25,0 пайызга, быйылкы жаѕы бышкан жемиштер – 16,9 пайызга, гречиха акшагын– 16,0 пайызга, жаѕы союлган эт – 15,9 пайызга, ун – 15,6 пайызга, картошка – 15,1 пайызга, макарон азыктары  – 15,0 пайызга, тооктун жумурткасы – 7,1 пайызга, накта бал – 5,8 пайызга, алкоголсуз суусундуктар – 5,3 пайызга, катуу сырлар – 4,4 пайызга жана күрүч – 4,0 пайызга жогорулаган.

Ошол эле убакта үстүбүздөгү жылдын башынан бери быйылкы жаңы бышкан жашылчалардын (21,8 пайызга), таруунун (7,0 пайызга), куюп сатылуучу сүттүн (6,6 пайызга), тоңдурулган балыктын (6,1 пайызга), туздалган сельддин (1,9 пайызга), майсыз быштактын (1,7 пайызга) баалары төмөндөгөнү байкалган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>