4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салынды
Быйыл Кыргызстанда өрт кырсыгы 12%га өстү
07.12.2021 | 09:44
Үстүбүздөгү жылдын 11 айында Кыргызстанда 2800 өрт кырсыгы катталып, былтыркыга салыштырмалуу 12%га көп. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Өрттүн кесепетинен 33 адам каза болуп, 44 адам жаракат алган.
29 адамдын өмүрү сакталып, 19 миллиард 236 миллион 638 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. Турак жай секторунда 1820 өрт чыгып, өрттүн жалпы санынын 35%ын түзөт.
Өрттүн негизги себептери:
- электр жабдууларын пайдалануу эрежелерин бузуу – 1133 (18,8%);
- жылытуучу мештерди жана морлорду эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 265 (13,2%);
- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 476 (-14,1%);
- от менен балдардын ойноосу – 188 (-13%).
Рубрики: Жаңылыктар, Коом