Талапкер Акбөкөн Таштанбековго кылмыш иши козголду

Талапкер Акбөкөн Таштанбековго кылмыш иши козголду

№30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековго карата кылмыш иши козголду. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактарда талапкер Акбөкөн Таштанбековдун видеосу тараган. Анда терс пикир жараткан улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттери байкалган.

4-декабрда Акбөкөн Таштанбековдун аракеттеринде Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (Улуттар аралык жана региондор аралык кастыкты козутуу) каралган кылмыштын белгилеринин бар экендигин эске алуу менен, кылмыш иши козголгон.

Ошол эле күнү А.Таштанбеков айыпталуучу катары алынып келинип, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ага тергөө мөөнөтү аяктаганча камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

6-декабрда тергөө органдары тарабынан бул кылмышты жасагандыгы үчүн Таштанбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылуу жөнөтүлгөн. Жогорудагы кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча тергөө тарабынан тиешелүү процессуалдык чечим чыгарылып, Таштанбековдун аракеттерине юридикалык баа берилет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>